“Манас” үчилтиги дунган тилинде жарык көрдү


Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон Манас эпосу жаңы тилде жаңырып, окурмандарга жол тартат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, улуу үчилтик — «Манас», «Семетей», «Сейтек» — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

Китептин салтанаттуу бет ачары 20-апрелде Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө.