Президент Садыр Жапаров 1960–1970-жылдары курулган авариялык абалдагы бардык мектептер 2028-жылдын сентябрына чейин толук жаңыланарын же кайра куруларын билдирди.
Алай районунун тургундары менен жолугушууда жолдор, таза суу, айыл чарба жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга туруктуу чыгуулары уюштурулары айтылды.

