15-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Талас аймагында +19…+24, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27 градуска чейин көтөрүлүп, кечке маал жамгыр жаашы ыктымал. Ош шаарында күн ачык болуп +24…+26 градус ысык болот.