Камчыбек Ташиев өлкөдө футбол Садыр Жапаровдун колдоосу менен өнүгүп жатканын айтты


Ал соңку эки жылда кыргыз футболу болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкендигин билдирди.

“Эки жылда 17 жаңы стадион, футболдук мекеме курулду. Дагы 14 объект курулуп жатат, ага 7 млрд сомдун тегерегинде акча жумшалды. Дагы 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Бул акча мамлекет тарабынан бөлүндү. Өнөктөштөр жардам берди. Курама команданы колдоо үчүн футболго жылына 200 млн сом бөлүнөт”, — деди ал.

Ташиев футболдук уюмдардан айлык, сыйлоо катары бир сом албаганын айтып, негизги максаты футболду өнүктүрүү болгонун кошумчалады.