11-апрель күнү Кой-Таш эс алуу борборундагы «Luna Garden» ресторанында ата мекендик мода дүйнөсүндөгү өзгөчө окуялардын бири — белгилүү дизайнер Назгүл Каарованын автордук көргөзмөсү болуп өттү.
«Жан дүйнө жана жаратылыш» деп аталган бул кече улуттук эстетика менен заманбап дизайнды айкалыштырып, коомдук ишмерлердин, чет элдик элчилердин, чыгармачыл инсандардын жана медиа өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

Көргөзмөнүн негизги концепциясы адам менен жаратылыштын терең философиялык байланышына негизделген. Дизайнер кыргыз тоолорунан, тунук сууларынан жана табиятынан шыктанып, коллекцияны төрт бөлүккө бөлгөн:
-
«Теңиз жүрөк» — эркиндиктин жана жарыктын символу;
-
«Тоо үнү» — күч-кубаттын жана туруктуулуктун чагылдырылышы;
-
«Гүл бакча» — назик сулуулуктун ачылышы;
-
«Жер деми» — жылуулук жана түпкү тамыр.

Иш-чара кадимки мода көрсөтүүдөн айырмаланып, музыка, жарык жана моделдердин кыймылы аркылуу бүтүндөй бир философиялык шоу катары өттү. Социалдык тармактын колдонуучулары бул кечени «эстетикалык терапия» деп баалап, кыргыз этно-модасынын жаңы деңгээлге чыкканын белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, Назгүл Каарова жетектеген «Keshte» бренди буга чейин Милан, Берлин жана Кытайдагы мода аянтчаларында таанылып келген. Дизайнердин бул жолку көргөзмөсү кыргыз мурасын заманбап тилде сүйлөтүүгө болорун дагы бир жолу далилдеп, өлкөдөгү креативдүү индустриянын өсүшүн айгинеледи.


