Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кетти


Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кеткенин билдирди. Анын айтымында, бул багыттагы иши жыйынтыкталып, эми футболду чын дилден сүйгөн жана аны формалдуулук катары эмес, негизги иш катары көргөн адам эстафетаны алышы керек.

Ташиев өзүнүн жетекчилиги учурунда футбол тармагында бир катар жылыштар болгонун белгиледи. Анын ичинде жаңы стадиондордун курулушу, улуттук курама командаларга, анын ичинде аялдар курамасына көңүлдүн күчөшү бар. Ошондой эле ал бул кызматты жеке кызыкчылык үчүн пайдаланбаганын айтып, ар ким өз сүйгөн иши менен алектенгенде гана жыйынтык болорун белгиледи.