УКМК: Нарында мамлекеттик нотариус пара алууга шектелип кармалды


УКМК Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу М.у.М. аттуу жаранды пара алууга шектүү катары кармады.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «М.у.М.» Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынын үйүн мураска каттап берүү үчүн пара алганы аныкталган.

Кармалган М.у.М. Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.