Россиядагы кыргыз мигранттарына 148 миллион рублдан ашык каражат өндүрүлүп берилди


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү мекендештердин укугун коргоо боюнча акыркы жылдардагы ишинин жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейинки аралыкта 1 643 жаранга жалпы суммасы 121 млн 299 миң рубль төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп берилди. Мындан тышкары, өндүрүштөн жаракат алган 27 жаранга жумуш берүүчүлөрдөн 27 млн 772 миң рубль өлчөмүндө зыяндын ордун толтуруу төлөтүлдү. Бул аралыкта 60 миңге жакын жаранга юридикалык кеңеш берилип, полиция, сот жана прокуратура органдары менен биргеликте 1 300гө жакын ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Өкүлчүлүк Россияда иштеп жаткан же ал жакка барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн маанилүү эрежелерди эске салат. Жарандар чек арадан өтүүгө чейин 72 саат калганда RuID мобилдик тиркемеси аркылуу милдеттүү түрдө арыз бериши керек. Россияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, манжа издерин тапшыруу жана расмий миграциялык каттоого туруу шарт. Москва шаарында каттоодон өтүү үчүн «Амина» тиркемеси колдонулат. Эң башкысы, өкүлчүлүк жумушка орношууда сөзсүз түрдө расмий эмгек келишимин түзүүнү сунуштайт, себеби бул документ эмгек акыны өз убагында алуунун жана укуктарды коргоонун негизги кепилдиги болуп саналат.

Эгерде сиздин укуктарыңыз бузулса же миграциялык суроолоруңуз жаралса, Москва шаарындагы өкүлчүлүккө кайрылсаңыз болот. Дареги: Малая Полянка көчөсү, 7-үй (метро «Полянка»). Байланыш телефондору: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.