Өлкөдө облус жана райондор жоюлуп, ири аймактар түзүлөт


Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы 2-3 жылда облус жана райондордун ордуна 20дай округ түзүлөт.

”Алгач пилоттук түрдө бир округ түзүп, байкап көрөбүз. Айыл өкмөттөрүн бириктиргенибиз бул реформанын биринчи этабы болду”, — деди Садыр Жапаров.