Ашхабадда өткөн III Эл аралык математика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар алты медаль жеңип алышты: бир алтын, бир күмүш жана төрт коло. Билим таймашына 12 өлкөдөн 198 окуучу катышса, Кыргызстанды 23 окуучу өкүлчүлүк кылды.
Алтын медалды Купуев академиясынын 10-классынын окуучусу Адилет Шакиралиев жеңип алды. Күмүш медаль «Газпром — Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу Артем Яголковскийге ыйгарылды. Коло медалдарды Алманбет Иметов, Нурайым Мухаматнабиева, Сайкал Мамарасулова жана Тилек Нурмаматов алышты. Агартуу министрлиги бул жетишкендикти окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы катары баалады.

