«Кыргызстан аэропорттору» ААК Бишкек — Ош каттамындагы окуя боюнча түшүндүрмө берип, абал кооптуу мүнөздө болбогонун жана экипаждын көзөмөлүндө болгонун билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, учуу маалында салондогу басымды жана кычкылтектин деңгээлин көзөмөлдөгөн кабина наддув системасынын сигнализациясы иштеп кеткен.
Компания экипаж De Havilland Canada өндүрүүчүсүнүн нускамасына жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык аракет кылганын белгиледи. Төмөндөө маалында система боюнча кошумча индикация катталып, андан кийин басымдын көрсөткүчтөрү турукташкан. «Кыргызстан аэропорттору» кычкылтек системасы штаттык режимде иштегенин айтып, азыр сигнализациянын себептери боюнча техникалык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

