Бишкекте жылаңач чуркап, балдарды коркутуп жүргөн киши кармалды


Бул тууралуу Октябрь райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 13-апрелде саат 11:00дө Бишкектин 4-кичи районунда болгон. Окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланган.

Алдын ала тергөө иштери башталып, анын жүрүшүндө милиция шектүү катары 1995-жылы туулган О. М. деп аныктады.

Ал Республикалык психикалык саламаттык борборунда каттоодо турганы аныкталды.