Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу 17-апрелде кызы Алия Шагиева Инстаграм баракчасына жарыялап, себеби белгисиз экенин жазды.
Анын жазганына караганда, сурак кечки саат 5ке белгиленген. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат тарата элек.

