АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар Коста-Рикага жөнөтүлүүдө


Коста-Рика АКШдан депортацияланган 200 мигрантты, анын ичинде Индиянын жана Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн жарандарын кабыл алууга макул болду. Биринчи учуу 20-февралда болгон.

Бул тууралуу The New York Times билдирди.

Коста-Риканын президенти Родриго Чавес депортациялангандардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын жарандары бар экенин маалымдаган. Ал мигранттарды кармоочу жайга жайгаштырылып, кайра мекенине кайтарыла турганын айтты. Бул мезгилде аларга мекемеден чыгууга тыюу салынат.

Коста-Риканын президентинин кеңсеси билдиргендей, репатриация процесси толугу менен АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат жана БУУнун агенттиги болгон Эл аралык миграция уюму тарабынан көзөмөлдөнөт.

АКШдан Коста-Рикага депортациялоочу биринчи рейс бейшемби күнү учуп, ошол эле күнү өлкөгө келгенин NBC News билдирди. Учакта 135 мыйзамсыз мигрант болгон, алардын дээрлик жарымы жашы жете элек балдар. Депортациялангандардын арасында кеминде эки кош бойлуу аял бар.

Өткөн аптада Панама да АКШдан депортациялоо каттамдарын кабыл алды. Үч учак өлкөгө Борбор Азиядан, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан мыйзамсыз мигранттарды алып келген.