Милицияга Байтик айылынын 72 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 28-март күнү кечинде лицейлердин биринин имаратында таанышы мас абалда себепсиз сабап, андан соң окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.
Экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучуга оор залал келтирилгени аныкталып, иш козголгон.
Кылмышка шектелип 42 жаштагы киши камакка алынды.

