Быйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат


Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырым болгон ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Азыркы тапта иштер 12 көчөдө жүрүп жатат, биринчи этапта 28 чакырым жол куруу пландалууда. Андан кийин долбоор дагы 7 көчөгө өтөт. Иштерге 5 подряддык компания тартылып, курулуш 4 айга созулат.

Долбоор республикалык бюджеттен жана президенттин турукташтыруу фондунан каржыланууда. Бул иштер Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына даярдыктын алкагында жүрүп жатат, быйылкы негизги майрамдык иш-чаралар Талас облусунда өтөт. Бийлик курулушка байланыштуу борбордук көчөлөрдүн айрымдары убактылуу жабыларын эскертип, тургундарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.