УКМК: Түп райондук суу чарба башкармалыгындагы коррупциялык схема аныкталды


УКМК  тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан уюшулган коррупциялык схема аныкталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган мекеменин жетекчилери бюджеттик каражаттарды уурдоо максатында атайын кылмыштуу жолдорду колдонуп келишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.