22-апрелге карата аба ырайы


Бүгун күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Талас аймагында +21…+26 градус ысык болсо, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын жергесинде +18…+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +26…+28 градусту көрсөтүп турат.