22-февралда борбордо кыргыздын белгилүү иштерман айымдарынын бири, дизайнер «Кеште» мода үйүнүн негиздөөчүсү Назгүл Каарованын колунан жаралган улуттук заманбап кийимдердин «Мезгилсиз шедеврлер» аталышындагы мода көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөнүн ачылышында дизайнер Назгүл Каарованын басып өткөн жолу, бул ишти кичинесинен бери сүйүп, ийгиликтин ачуу таттуусун көргөнү, далай жолу жыгылып, далай жолу турганы тууралуу позитивдүу видео ролик менен башталып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды.

Ар бир ийгиликтин артында чоң эмгек турат. Назгүл айымдын өзгөчө эмгеги бул көргөзмөгө келгендердин купулуна толуп, каалоо тилектер менен коштолду.

«Кеште» мода үйү улуттук кийимибизди даңазалап, күнүмдүк жашоого ылайыкташтырылып, стилдештирилип сапаттуу тигилген кийимдер коллекциясынын экслюзивдик көргөзмөсүндө:
Жаштарга багытталган – «Деним» топтому;
Офиске кийүүгө ылайыкташкан – «Классика» топтому;
Саякатоого, эс алууга ылайыкташкан улуттук – «Кэжуал»;
Стилдештирилген улуттук салтуу – «Этно» топтомдору көргөзүлдү.
«Кеште» мода үйү кыргыз элинин улуттук кийимин эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп, чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдө бир топ жылдардан бери катышып келе жатат. Бренддин негиздөөчүсү дизайнер Назгүл Каарова эл аралык көргөзмөлөрдө топтогон бай тажрыйбасына таянып, кыргыз элинин улуттук кийими да чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдө татыктуу ордун ээлеп, ал тургай улуттук кийимдерибиздин элементтерин модага айлантууга толук мүмкүн экенин айтып келет.

Адамдын көркү чүпүрөк, ал эми улуттун көркү ошол элдин улуттук кийими. Дүйнөдө 4 миңден ашуун улут болсо, аларды улуттук кийиминен айырмалайбыз. Азыркы ааламдашкан доордо ар бир эле улут башка улуттун арасына сиңип жок болуп кетпеш үчүн өзүнүн иденттүүлүгүн, өзгөчөлүгүн сактап калуу аракетин жасап жатышат. Эне тилибиз, каада-салтыбыз улутубуздун иденттүүлүгүн сактап калууга кандай маанилүү болсо, алардын катарында улуттук кийим да бар.
Башка элдер улуттук кийимдерин кадимки турмушта да кийип жүргөнгө аракет кылып, ал тургай модага айландырууга да жетишип жатышат. Бизде болсо улуттук кийимдерибизди негизинен маданий кызматкерлерибиз кийет. Ал эми көпчүлүк болсо аш тойлорго, мааракелерге эле кийип келебиз.
Келиңиздер, эчен кылымдарды карыткан укмуш кооз улуттук кийимдерибизди даңазалоого ар бирибиз өз салымыбызды кошолу, — дейт Назгүл Каарова айым.

Кыргыздын кыйын, аракетчил, иштерман кыздарынын бири Назгүл Каарованын мода көргөзмөсүндө ар кандай белектер, лотерея билеттер ойнотулуп, келген коноктордун көңүлүн ачты.
Назгүл айымдын иштерине ийгилик каалап, көрүүчүлөр да ыраазы болуп кайтышты жана мындай улуттук кийимдерге кызыккан айымдар буйрутма берип, кантип, кайсыл жактан сатып алуу керектигин сурап жатышты.
Ийгиликтин артынан ийгилик жарата бер Назгүл айым демекчибиз!