Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +23…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жергесинде +16…+21, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.

