Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттады


Бүгүндөн тартып Кыргызстанда электр кубатынын тарифтери көтөрүлмөкчү.
Керектөөчү 1 кВт/саат үчүн эми төмөнкүдөй төлөйт:

700 кВт/саатка чейин колдонгондор үчүн — 1,64 сомдон (буга чейин 1,37 сом болчу), 700 кВт/сааттан жогору пайдалангандар 2,94 сомдон (буга чейинки баасы 2,60 сом);

аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 700 кВт/саатка чейин — 0,50 тыйындан (өзгөрүү жок);

социалдык жана коомдук жайлар — 2,96 сомдон (буга чейинки баасы 2,62);

өнөр жайлар — 3,65 сомдон (буга чейинки баасы 3,34);

коммерциялык жайлар — 4,33 сома (буга чейинки баасы 3,96);

бюджеттик уюмдар — 4,62 сомдон (буга чейинки баасы 4,9);

энергияны көп талап кылган объектилер — 6,84 сомдон (жаңы тариф);

электромобилдердин кубаттаган станциялар — 5,99 сомдон (жаңы тариф).

Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, республикада электр кубаты жыл сайын кымбаттап турат. 2030-жылга чейин тарифти өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркына жеткирүү пландалууда.