Бишкекте өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча Азия кубогу — IIHF U-18 Asia Cup уланууда. Кыргызстандын курама командасы Индонезияны 17:1 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Буга чейин кыргызстандыктар Макаону 15:0 эсебинде ири эсеп менен уткан, бирок алгачкы беттеште Өзбекстанга 2:4 эсебинде жеңилип калган. Турдун башка оюндарында Өзбекстан Монголияны 7:2, Индия Макаону 8:1 эсебинде жеңди.

