Мурунку депутат Элмурза Сатыбалдиев 3 миң сомго айыпка жыгылды


Анын Өзгөндүн борбордук аянтында уюштурулган майрамдык иш-чарада тамеки тартып турган видеосу тараган. Ош облустук милициясы эл өкүлүнө айып салып, жарандардын баары мыйзамды бирдей сакташы керектигин эскерткен.