Сейшел аралдарына баруу үчүн эми визанын кереги жок


Жээнбек Кулубаев Сейшел Аралдарынын ТИМ жетекчиси Барри Фор менен жолугуп, саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу, соода-экономикалык сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашылды.