5-майга карата аба ырайы


 Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Таласта +19…+24, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын регионунда +14…+19 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт, күндүз ала булут каптап турат. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +25…+27 градуска жетет.