Акыркы күндөрү социалдык тармактарда «Таш-Рабат» кербен сарайында жүрүп жаткан иштер анын ичинде сарайдын үстүнө курулган тосулма тууралуу бир катар талкуулар жүрүп жатат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги расмий билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, «Таш-Рабат» архитектуралык эстелиги табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан, 2025-жылы реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү “Юг-Стройсервис” ААКсы болуп аныкталган. Иш-чаралар “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында аткарылууда.
Реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө институту тарабынан атайын илимий долбоор даярдалып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир нече илимий кеңешмелер жана жеринен изилдөөлөр өткөрүлгөн.
Тосмо жана чатыр – реставрацияны коргоо үчүн орнотулган убактылуу чаралар деп баса белгилейбиз. Анткени, реставрация иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн:
- эстеликти мал-жандыктардан коргоо максатында айлана тосмолор менен курчалды;жаан-чачындын тийгизген зыянын азайтуу жана адистерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн убактылуу чатыр орнотулду.
- Бул конструкциялар — убактылуу, реставрация аяктаганда алып салынат.
- Иштер толугу менен илимий негизде жүргүзүлүүдө
“Ар бир кадам адистердин корутундуларына, лабораториялык изилдөөлөргө жана тарыхый материалдарга таянат. Иштердин максаты — Таш-Рабаттын түпкү тарыхый келбетин сактап калуу, аны өзгөртүү же талкалоо эмес.
Маалыматты таратууда тактыкты сактоону өтүнөбүз. Эгерде жарандарда же адистерде илимий негиздүү сунуштар болсо, Министрлик аларды угууга жана талкуулоого ар дайым даяр.
Таш-Рабаттагы акыркы чоң реставрация XX кылымдын 70–80-жылдарында жүргүзүлгөн. Учурдагы иштер — анын тарыхый маанисин жана келечек муундар үчүн баалуулугун сактап калууга багытталган”,-деп жазылат кайрылууда.

