Улуу Британияда 80ден ашык адам арыктатуучу дарыдан каза болгон


Улуу Британияда 80ден ашык адам кант диабети жана арыктоо үчүн дарыларды колдонуудан улам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Мунджаро дарысын колдонуунун натыйжасында кеминде 18 адам, Оземпик, Вегови, Ребелсас дарыларын колдонгондон 29 адам, Саксенда жана Виктоза дарысын колдонгондон 35 адам каза болгон.

“Жарым миллионго жакын британиялыктар бул дарыларды ичишет. Бир жылдын ичинде бул сан эки эсе көбөйөт деп күтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Улуу Британиянын Дары-дармектерди жана саламаттык сактоо продуктуларын жөнгө салуу агенттигинин маалыматы боюнча, 22 адам арыктоо үчүн дарылардын бирин, калган 60 адам 2-типтеги кант диабетин дарылоо үчүн дарылардын бирин колдонушкан.

Маалымат үчүн: Оземпик дарысы дүйнөдө 2017-жылдан бери катталган. Аны Британияда колдонууга 2019-жылы уруксат берилген.

Оземпик башында 2-типтеги диабет менен ооруган адамдарга кандагы канттын деңгээлин жөнгө салууга жардам берген гормон катары аныкталган.

Бирок табитти башкаруу үчүн мээге таасир берери аныкталгандан кийин арыктоо үчүн колдонула баштаган.

Ал эми Мунжаро дарысы 2023-жылы Британиядагы MHRA тарабынан бекитилген.