Кыргыз-япон археологиялык экспедициясы Чүй облусунда VII–VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктарын аныктады. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, казуу иштеринде окумуштуулар күйгөн кыштан жасалган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан — мындай элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү.
Табылга археолог Алексей Бернштамдын бул аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун тастыктады. Казуу иштери орто кылымдагы Ак-Бешим шаарчасынын Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүүдө. Байыркы Суяб Улуу Жибек жолунун ири борборлорунун бири болгон. Келечекте бул жерде ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда.

