Бишкекте ысык суу бериле баштады


Бишкекте оңдоо жана сыноо иштери аяктаганына байланыштуу 9-майдан тарта керектөөчүлөргө ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, ысык сууну туташтыруу татаал технологиялык процесс болуп саналат жана ал 3-4 күндүн ичинде ишке ашырылат.

«Ысык суу биринчи кезекте социалдык объектилерге — ооруканалар, мектептер жана бала бакчаларга берилет. Андан соң турак жайларды туташтыруу башталат», — деп айтылат маалыматта.