2026-жылдын 16-майында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы Ысык-Көл жээгиндеги куймада балык уулоо спорту боюнча республикалык «Chebak Cup 2026» мелдеш өткөрүлөт.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Балык уулоо спорту федерациясы.
Мелдеш 18 жаштан жогорку курактагы ышкыбоздор жана профессионал балык уулоочулар арасында өткөрүлөт. Катышуу үчүн Ысык-Көл чабагын уулоого уруксат берүүчү балык уулоо белетин алуу шарт. Белетти https://rb.agro.gov.kg/сайты аркылуу же MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.
Турнир саат 06:00дөн 11:00гө чейин өтөт.
Катышуучуларга төмөнкү балык уулоо шаймандарын колдонууга уруксат берилет:
* фидер;
* түпкү уулоо шайманы (донная снасть);
* калкыма уулоо шайманы (поплавочная снасть).
Кошумча маалымат жана каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Балык уулоо спорту федерациясынын өкүлү Константин Ф. менен байланышсаңыздар болот:
📞 +996 706 270 703
Иш-чара Кыргыз Республикасында балык уулоо спортун өнүктүрүүгө жана активдүү эс алууну жайылтууга багытталган.

