Эми жаш балдарга пиротехника сатылбайт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык буюмдарды сатуу, сактоо, ташуу, колдонуу, алып кирүү жана жок кылуу тартиби жөнгө салынарын билдирди. Жаңы эрежелер коомдук талкууга коюлду.
Негизги өзгөрүүлөр:

Пиротехникалык буюмдар кооптуулугуна жараша 5 класска бөлүнүп, калкка 1-3-класстагылары гана сатылат. Ал эми 4-5-класстагыларды колдонуу жана сатуу лицензиясы бар адамдарга гана уруксат берилет

Аталган товарды 18 жаштан жогорку курактагы жарандар гана сатып ала алат

Пиротехника атайын лицензиясы жана сактоочу жайга уруксаты бар дүкөндөрдө гана сатылышы керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги соода жайларда сатууга тыюу салынат

Ар бир пиротехникалык буюмда өндүрүүчү, чыгарылган күнү, партиясынын номери жана ЕАЭБ сертификаты көрсөтүлүшү зарыл

Фейерверк аттыруу үчүн жергиликтүү бийликтин, өрт коопсуздугу жана ички иштер органдарынын уруксаты талап кылынат. Ал эми ооруканалардын, мектептердин, тарыхый объектилердин, көрүстөндөрдүн жана электр линияларынын жанында атууга болбойт

Пиротехниканы мыйзамсыз сатуу, сактоо же ташуу аныкталса, ал тартип коргоо органдары тарабынан конфискацияланат. Жана эреже бузгандар жоопкерчиликке тартылат.