НЕКРОЛОГ
Кыргыз санжыра дүйнөсү оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 15-майында белгилүү санжырачы, изилдөөчү Кыйшыков Муратаалы 68 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
1958-жылы туулган Кыйшыков Муратаалы өмүрүнүн ондогон жылдарын кыргыз элинин тарыхын жана санжырасын изилдөөгө арнаган. Ал 38 жыл бою Солто санжырасын иликтеп, «Эштек бий» солто элинин санжырасы аттуу көлөмдүү эмгекти жарыкка чыгарган. Ошондой эле 43 жыл “Чекир Саяк санжырасын” изилдеп, өзүнчө китеп даярдаган.
Анын эмгектери аркылуу миңдеген адамдар өзүнүн түпкү тегин, уруусунун тарыхын жана кыргыз элинин калыптануу жолун таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Кыйшыков Муратаалы өз изилдөөлөрүндө Солто уруусунун түптөлүшүн Эштек бийдин доору менен байланыштырган. Санжыралык маалыматтарга ылайык, Богорстон уулу Эштек бий XVI кылымдагы кыргыз тарыхындагы көрүнүктүү аскер башчыларынын бири болуп, кыргыз-могол согуштарында кыргыз урууларынын башын кошкон тарыхый инсан катары баяндалат.
Маркумдун көп жылдык эмгеги жөн гана санжыра чогултуу эмес, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун сактоого жана кийинки муунга өткөрүүгө багытталган чоң кызмат болду. Ал артына баа жеткис руханий жана тарыхый мурас калтырды.
Кыйшыков Муратаалынын дүйнөдөн кайтканы кыргыз тарыхы жана санжыра дүйнөсү үчүн орду толгус жоготуу.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жаркын элеси түбөлүк сакталат.

