Ысык-Ата районунун Жайылма айыл өкмөтүндө жайгашкан Р-24 ички чарбалык каналына бетон полотносу төшөлүп, дыйкандарга сугат суусу берилип жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, бул сугат каналы жүздөгөн гектар жердин сугат суусун жакшыртууга жардам берет.

