Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү батирлердин биринен дивандын ичине катылган 33 жаштагы Айгерим аттуу кыргызстандык келиндин сөөгү табылды. Ал ошол эле батирде чогуу жашаган мекендештери менен жакын мамиледе болгон эмес жана ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштечү.
Маркум 8-майдан бери дайынсыз болуп, жакындары издөө салып башташкан. 18-май күнү сиңдиси батирди кылдат текшерип жатып, дивандын ичинен полиэтилен баштыктарга оролуп, скотчтолгон сөөктү тапкан. Келиндин моюну кесилгени жана колдорунда коргонгонунан кабар берген жаракаттар бар экени аныкталган. Окуя болгон жерден кандуу бычактар, скотч жана кайчы табылган.
Полиция батирде жүргөн 31 жаштагы кыргызстандык жаранды кармады. Ал эми экинчи шектүү (30 жаштагы кыргыз жараны) 11-12-май күндөрү Казакстанга качып кеткен болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Учурда Орусиянын Тергөө комитети тарабынан «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

