Жайыттарда, парктык-пляждык зоналарда мототранспорт менен жүрүүгө тыюу салынды


Министрлер кабинети Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө тыюу салды. Токтом экосистемаларды сактоо жана жаратылыш ландшафттарынын бузулушун алдын алуу максатында кабыл алынган.

Чектөөлөр өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктык-пляждык зоналарга жана жайыттарга тиешелүү болот. Бирок тыюу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна, белгиленген тартипте уюштурулган туристтик жолдорго, токтоочу жайларга жана экологиялык маршруттарга жайылтылбайт.