Бүгүн Бишкекте «Борбор Азияда гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү илгерилетүү» деген темада депутаттардын субрегионалдык жолугушуусу өтүүдө.

Иш-чара Азия парламентчилеринин калк жана өнүктүрүү боюнча форуму (АФПНР) жана Азия калк жана өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, АФПНРнын вице-төрагасы Элвира Сурабалдиева, төраганын орун басары Болот Ибрагимов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, БУУнун Калк фондунун Казакстандагы өкүлү жана Кыргызстан менен Түркмөнстан боюнча өлкөлүк директору Чинве Огбонна, «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланууда.

