22-майга карата аба ырайы


Бугүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Таласта +18…+23, ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө +15…+20 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү эки калаада тең +23…+25 градуска жетет.