Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо” адабий журналынын кайрадан жарык көрө баштаганын кубаттап, анын биринчи саны колуна тийгенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Президент өз кайрылуусунда өлкөнүн экономикасы менен катар маданиятка жана адабиятка да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, көп жылдан бери токтоп турган журналдын кайра жанданышы окурмандар үчүн кубанычтуу окуя болду.
Мамлекет башчысы “Ала-Тоо” журналы элдин тарыхы, тили, маданияты жана салт-санаасы тууралуу мазмундуу макалаларды жарыялап, коомдун билим деңгээлин жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң салым кошоруна ишеним арткан.
Президенттин пикиринде, “Ала-Тоо” журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү менен бирге агартуучулук миссияны да аркалап, коомдун руханий дүйнөсүн байытууга кызмат кылат.
Кайрылуусунун соңунда мамлекет башчысы жарандарды журналга жазылууга чакырып, анын айына бир жолу чыгып турарын эске салды. Журналды Кыргыз туусу басма үйүнөн алууга болот.

