Эми дары өсүмдүктөрүн айыл чарбада өстүрүүгө болот. Президент мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн айыл чарба шартында өстүрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Документ Кыргызстанда мындай өсүмдүктөрдү өндүрүү, кайра иштетүү жана туруктуу пайдалануу үчүн укуктук негиз түзөт.

Валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот. Бирок коопсуздук үчүн аконитти турак жайларга жана социалдык объекттерге жакын аймактарда өстүрүүгө тыюу салынды.