Кантта мэриянын ичип алган кызматкери стоматологиялык клиниканы сүзүп, бир адам каза болду


Канттагы адам өмүрүн алган жол кырсыгына себепчи делген айдоочу кармалды.

Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz айдап бара жаткан 29 жаштагы А.А. Күрөңкөев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жол чыракты сүзүп өтүп, тиш дарылоочу жайга урунган.

Текшерүүдө айдоочунун мас экени аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Иликтөө уланууда.