Зыянкечтерди өз убагында аныктоо жана алардын жайылышынын алдын алуу максатында Ысык-Көл районунда гилас бактарына гилас чымынына каршы феромондук тузакчалар илинди.
Феромондук тузакчалар зыянкечтердин учуу мезгилин так аныктоого, алардын санына мониторинг жүргүзүүгө жана өз убагында коргоо чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Бул иш-чаралар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн фитосанитардык абалын көзөмөлдөө, түшүмдүн сапатын сактоо жана экспорттук потенциалды жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

