23-майга карата аба ырайы


Бүгүн көпчүлүк аймактарга жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн, кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетерин да айтышты.
Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас аймагында +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +13…+18, Нарын жергесинде +15…+20 градус болот.
Бишкекте жана Ош шаарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.