Жыйырма жашымда баарын туура кылып жатам деп ойлоптурмун…
Ата-энем мени туңгуюкка такап, тандоо алдына койду:
— Же ушул кызды тандап, бир өмүр жакыр өтөсүң, же жаркыраган келечегиңди ойлойсуң.
Себеби алар аны жек көрүшчү. Колунда жок, жөнөкөй, бирок ак көңүл, таза кыз эле. “Бул сага эмне бермек эле, муну менен өмүр бою эч ким болбой өтөсүң” дешчү.
Ошентип, жанымда ата-энем каалаган башка кыз пайда болду.
Бай жердин кызы. Батири, тааныш-билиштери, акчасы, айтор, “төрт тарабы төп келген” ата-энеси жана чоң мүмкүнчүлүктөрү бар эле…
Мен болсо жеңил, ыңгайлуу, машакатсыз жашоону тандадым.
Өзүмдүн сүйгөн кызыма барып, “Бизге ажырашкан туура го” деп айткан ошол кеч азыркыга чейин көз алдымда…
Ал башында айткан кебиме ишенбей турду.
— Эмне?..
— Экөөбүзгө тең ушул чечим туура болот.
Байкушумдун назик колдору титиреп кетип,
— Ким үчүн туура болот? Сагабы? Же ата-энеңеби?
Мен көшөрүп унчуккан жокмун.
Ал мага жашы толгон көздөрү менен дем ала албай жаткандай карап турду.
— Мага чыныңды айтчы… мени сүйбөй калдыңбы?
Эгер ошондо чындыкты айтсам, анын жанында өмүр бою калып каларымды сезип турдум.
Ошондуктан калп айттым:
— Ооба.
Өзүн тыя албай менин көзүмчө ыйлап жиберди. Кыйкырып-өкүрбөй, тыптынч ыйлады. Мына ушунусу баарынан коркунучтуу болду.
— Мен сени ушунчалык сүйөт элем го…
— Экөөбүз бир үй-бүлө болобуз деп кыялданбадык беле… Мени эч качан таштабайм деп убада бербедиң беле…
Мен көзүмдү ала качтым дагы, коркоктук кылып үн-сөз жок басып кеттим.
Анткени мен эбак эле башка жана бардар жашоону тандап алгам.
Ошондогу анын подъезддин жанында шолоктоп ыйлап калган карааны, менин артымды карабай басып кеткеним дагы деле эсимде.
Артыма кылчайган да жокмун. Кайрылып келген да жокмун.
Бир жолу бурулуп кеткен ошол кадамым — өмүрүмдөгү эң чоң катачылыгым болду.
Андан кийин анын кыйналып жүргөнүн далай көрдүм. Тааныштар анын биз ажырашкандан кийин көпкө чейин үйдөн чыкпай койгонун айтышты. Арыктап, адамдар менен сүйлөшпөй калыптыр. Бир нече айдан кийин аны көчөдөн кокусунан жолуктуруп калдым. Аялдамада жалгыз туруптур. Кирпиктери кургабаган, өңү кубарган, көздөрүнүн оту өчкөн… Мени көрүп… ичиндеги күйүтүн жашырып, араң жылмайды. Мен болсо кайра эле коркоктук кылып, үн катпай өтүп кеттим. Жыргал жашоомдун таш-талканы чыгышынан корктум.
Алдыда мени жомоктогудай жашоо күтүп жаткандай сезилген.
Чындыгында эле ошондой болду. Заңгыраган кабат-кабат үй, кымбат машина, саякаттар, кайнатамдын бизнеси, жанымда “төп келген” аял. Сырттан караган адамга баары идеалдуу эле.
Бирок ичим жылдан-жылга бошоп, тынчым кетип баратты. Аялым экөөбүздүн жолубуз эбак эки бөлүнүп кеткен. Дээрлик сүйлөшчү эмеспиз. Балдарым жанымда чоңойду, бирок мен барган сайын бирөөнүн жашоосун жашап жатканымды түшүнө баштадым.
Ата-энем карыды, анан биринин артынан бири дүйнөдөн өтүп кетти.
Күндөрдүн бир күнүндө зээнимди кейиткен бир коркунучтуу чындыкты түшүндүм, көрсө бул жыйырма жыл ичинде мен ошол “жалгыз сулуумдан” башка эч кимди сүйө албаптырмын.
Аны издеп табууну, кандай жашап жатканын, бактылуубу-жокпу билгим келген күндөр көп болду. Бирок өзүмдү дайыма токтотуп калчумун. Коркчумун. Анын менсиз бактылуу экенин көрүүдөн коркчумун.
Бирок, арадан жыйырма жыл өткөндө тагдыр бизди баары бир жолуктурду.
Парктын жанындагы кичинекей кафеге кирип, үстөлгө отурдум да, кокусунан башымды көтөрдүм.
Ал мен издеген баягы караан эле…
Башында көзүмө ишенген жокмун. Ошол эле күлкү. Ошол эле көздөр. Бирок мурдагыдан да сулуу, салмактуу, бактылуу көрүндү.
Ал бир кишинин маңдайында отуруп, менин жанымда эч качан мындай каткырып күлбөгөндөй, ушунчалык жеңил, бейкам күлүп жатты. Анан алардын жанына он үч жаштардагы өспүрүм кыз чуркап келди:
— Апа, ата, жүрүңүздөрчү тезирээк!
Ал жолдошун кучактап, кызынын колунан кармаган көз ирмемде мени байкап калды.
Бир нече секунд бири-бирибизди тигиле карап турдук. Ошол көз ирмемде ичимде бүтүндөй өмүрүм урап түшкөндөй болду.
Ал өзү биринчи басып келди:
— Салам.
Мен үнүмдү араң чыгарып:
— Сен… бактылуусуңбу? — дедим.
Ал кадимкидей жайдары жылмайып
— Абдан бактылуумун деди.
Анын ушул жылмаюусу мага өткөн жыйырма жылдагы азаптын баарынан да катуу тийди. Ал мага кошулуп эмес, менден кутулуп бактылуу болуптур.
— Мени кечир, — дедим акырын.
Ал мени көпкө карап турду да, анан мындай деди:
— Мен сени эбак эле кечиргем.
— Ал эми мен өзүмдү кечире албай койдум…
Ал капалуу жылмайды
— Сен дайыма жылуу-жумшак ордуңду, комфортту жоготуп алуудан коркчусуң. Жыйынтыгында жашоодогу эң чыныгы, эң баалуу нерсени жоготуп алдың.
Мен анын үй-бүлөсүнө карай басып баратканын, жолдошу анын далысынан кучактап, кызы бир нерселерди шайыр айтып жатканын карап турдум. Баягы артта калган караан эми өзүм болдум…
Ошентип, жыйырма жылдан кийин биринчи жолу ачуу чындыкка моюн сундум, өмүрүмдүн эң башкы сүйүүсүн байлыкка, бакытымды ыңгайлуу жашоого алмаштырып жибериптирмин.
Бул менин жашоомдогу эң кымбатка турган жана эч качан оңдолгус катам болду.
Ошондуктан, өз адамыңарды тапкан учурда анын колун бекем кармап, кареги менен тең айланып, бакыттын канатын бирге тагып чогуу учкула!
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

