Starlink интернети эми Кыргызстанда жеткиликтүү болду


Starlink спутниктик интернети эми Кыргызстан аймагында расмий түрдө жеткиликтүү болду. Бул тууралуу сервистин расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда өлкө аймагы тармактын камтуу зонасы катары белгиленип, колдонуучулар үчүн “Кыргызстан” аттуу өзүнчө баракча да ачылды. Ошондой эле кызмат тууралуу маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган.

Starlink — бул дүйнөлүк спутниктик интернет системасы болуп саналат. Ал SpaceX компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Компаниянын негиздөөчүсү — Илон Маск.

Долбоордун негизги максаты — алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу.