Аскат Алагөзов: Президенттин коомдук кеңешчиси кызматында Чанпэн Чжао гана калган


Учурда Кыргызстандын жарандарынын ичинен эч ким «Президенттин коомдук кеңешчиси» же «Президенттин коомдук жардамчысы» кызматын ээлебейт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымында, мындай тактоо акыркы убакта коомчулукта айрым жарандарды ушул кызматтардын ээси катары атап жаткандыгына байланыштуу жасалды.

Эске салсак, 2024-жылдын сентябрь айында Президент Садыр Жапаров Администрацияны реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында коомдук башталыштагы бардык жардамчыларын (7 адам) жана кеңешчилерин (19 адам) кызматтан бошоткон.

Учурда санариптик активдер жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча Президенттин коомдук башталыштагы жалгыз кеңешчиси бар. Ал — Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао. Жергиликтүү жарандардан бул кызматтарда эч ким жок.