27-май Кыргызстанда дем алыш күнү


Кыргызстанда Курман айт 27-майда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, бул күн расмий түрдө эс алуу күнү болот. Курман айт орозо аяктагандан кийин 70-күнү белгиленип, ажылыктын — Меккеге зыярат кылуу процесси аяктайт.

Так датасы Ай боюнча аныкталат.

Бул эң маанилүү мусулман майрамдарынын бири. Бишкектеги айт намазы Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) өтөт.