Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, айрым жерлерде нөшөр болушу болушу мүмкүндүгүн Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Синоптиктер түндө бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымалдыгын айтты.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Талас жергесинде +20…+25, Ысык-Көл аймагында +18…+23, Нарында +17…+22 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлүп, күндүз күн күркүрөп, жамгыр төгүшү ыктымал.

