ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда алдыңкы мамлекеттик номер белгиси жок жүргөн «Audi» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ошондой эле унаанын арткы сол жак бурулуш көрсөткүчү иштебегени аныкталган.
Мындан тышкары, унаанын техникалык абалы канааттандырарлык эмес болуп, жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп бербегени белгилүү болгон.
Текшерүү учурунда аталган унаанын мурдагы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айып пулдары бар экендиги аныкталды.
Аталган айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, унаа айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББ бардык айдоочуларды унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөп, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

