Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп жамгыр жаап, кээ бир чөлкөмдөрдө катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Таласта +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +18…+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +29…+31 градуска чейин барып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

