Бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда жана түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +23…+28, ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө +20…+25 градус болот.
Термометр Бишкекте +29…+31, Ош калаасында +30…+32 градусту көрсөтөт.

